Биз менен байланышыңыз

Экс-чиновник эркин журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрдү (видео)

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 2427 | 0

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковго «Ош» пансионатынын мурунку жетекчиси съемка учурунда кол көтөрдү. Бул тууралуу журналист өзү социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.

Маалыматтар боюнча журналист Ыдырыс Исаков «Ош» пансионатынын менчиктештирилип кеткен мүлктөрү тууралуу иликтөө жасап жаткан. Бир канча суроону тактоо үчүн барган журналисттен пансионаттын мурдагы директору уруксат кагаз сурап, жаакка чаап, бетке муштап жиберген.

Бул факты Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталганын, жагдайды тергөө кызматы териштире турганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM