Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 12-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.