Connect with us

Түркия: Шайлоочулардын саны 2-турда дагы 50 миңге көбөйдү

Кыска кабар | 28 Май 2023 | 697 | 0

Түркияда бүгүн президенттик шайлоонун 2-туру өтүп жатат. Жогорку шайлоо жыйынынын башчысы Ахмет Йенердин маалыматы боюнча шайлоонун биринчи туру өткөн 14-майдан бери шайлоочулардын тизмесине дагы 50 миң адам кошулду. Алар биринчи жолу добуш берүүгө катышуу укугун алган 18ге чыккан жаштар.

Түркияда жалпы шайлоочулардын саны 60 млн 769 миң 268. Биринчи турдагы добуш берүүдө шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу дээрлик 90%ды түзгөн. Ал эми Түркиянын сыртындагы шайлоочулардын катышуусу 52% болгон.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматында добуш берүү саат 08:00дө башталды. 17:00дө аяктайт. Биринчи турга салыштырмалуу, 2-турдун жыйынтыгы бат чыгышы мүмкүн. анткени 1-турда президенттик шайлоо менен кошо 24 партия катышкан парламенттик шайлоо да өткөн.

Бүгүнкү президенттик шайлоодо учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган менен оппозициячыл талапкер Кемал Кылычдароглунун арасында атаандаштык жүрмөкчү. Шайлоочуларга бир гана бюллетень берилет. 1-турда президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн 2 конвертке салынган бюллетендер берилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM