Connect with us

Муфтият кошумча ажылык квотасы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү

Кыска кабар | 28 Май 2023 | 384 | 0

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы социалдык тармактарда ажылыкка байланыштуу тарап жаткан видеолор тууралуу түшүндүрмө берип, элге кайрылуу жасады.

Анда социалдык тармактарда «Ажылыкка жиберебиз, ал үчүн жарандык паспортуңуздун копиясын жана 6800 АКШ долларын жиберсеңиз жетиштүү», — деген видео жана аудиолор тарап жатканы айтылат. Муфтият бул маалыматтар чындыкка дал келбестигин айтып, төгүндөдү.

«Биз быйылкы ажылык сапарга бөлүнгөн 6100 квотаны атайын тартиптин негизинде ачык жарыялап, ага тандоо жүргүзүлүп, орундар баары ээленген. Андан башка кошумча квота болсо, биз массалык маалымат каражаттары аркылуу расмий айтып, жарыя бермекпиз», — деп билдирди Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары  Самидин кары Атабаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын алгачкы тобу 12-июндан тарта Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетет.

Бишкек-Медина багыты боюнча ар бир топто 672 адам болот, аларды 15 ажы башчы коштоп барат. Ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча жөнөп кетишет.

Быйыл Кыргызстандык ажылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM