Connect with us

Садыр Жапаров «Кыргызиндустрия» ишканасына барды

Кыска кабар | 27 Май 2023 | 311 | 0

Президент Садыр Жапаров 26-майда «Бишкек машина куруучу заводу» жана «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасына барып, ошондой эле «Кыргызиндустрия» ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысы заводдордун өндүрүш аймактарын, токтоп турган цехтерди жана ишканалардын объектилерин көрүп чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда «Кыргызиндустрия» ишканасы 19 долбоорду ишке ашырып, анын 9у толук кубаттуулукта иштеп, өз продукциясын чыгара баштады. Бирок кошумча каражатты берүү токтотулгандыктан, калган 10 долбоорду ишке ашыруу азырынча токтотулган.

Садыр Жапаров аталган ишкананын токтоп калган долбоорлорун ишке ашырууну кайра баштоонун, ошондой эле жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн жана токтоп турган цехтерди модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргызиндустриясы» ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн жана анда уставдык капиталы 1 миллиард сом болору айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM