Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 21 мая 2023 | 299 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Жапаровдун куттуктоосунда ар бир коомдун жана мамлекеттин гумандуулугунун, адилеттүүлүгүнүн чен-өлчөмү – аялга болгон мамилесинен жана көңүл буруусунан баамдалары айтылат.

«Биз коомдун өнүгүшүнө, өлкөнүн өркүндөп-өсүшүнө зор салым кошуп келе жаткан апаларга, жалпы эле аялзатына кам көрүүнү эртеңки келечегибизди аныктай турган негизги милдет деп билебиз. Мамлекетибиздин социалдык саясатынын эң маанилүү артыкчылыктуу багыты деп карайбыз», — деп айтылат куттуктоодо.

2012-жылдан тарта Кыргызстанда Энелер күнү май айында белгиленип келет. Быйыл бул күн 21-майга туш келди.

Copyright © 2017 Maral FM