Биз менен байланышыңыз

ЖМК жөнүндө мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыска кабар | 17 мая 2023 | 220 | 0

Президенттин администрациясы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун толук иштелип бүтө электе коомдук талкууга койду. Ага карата коомдук пикирди билдирүүнүн акыркы мөөнөтү 14-июнга чейин белгиленген.

Көз карандысыз медиалардын өкүлдөрү Президенттин администрациясы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен макулдашпай туруп коомдук талкууга чыгарганын сындашууда.

Өткөн апта соңунда Президенттин администрациясы жумушчу топтун мүчөлөрүнө мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын жөнөткөн. Анда мурда талкууланбаган жана сунушталбаган нормалар киргизилгени белгилүү болду.

Мыйзам долбоорунун акыркы редакциясы боюнча жумушчу топтун мүчөсү болгон көз карандысыз ЖМК өкүлдөрү документке кол коюшкан жок.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорунун бешинчи варианты 56 беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиамекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган.

Жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилери жазылган. Ошондой эле веб-сайттар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тармактык ЖМК катары каттоодон өтүшү керек.

Мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билдирүүлөрүн жана материалдарын, ченемдик-укуктук актыларын чыгарган сайттар каттоодон өтпөй турганы жазылган.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту президент Садыр Жапаров былтыр декабрда түзүп, жетекчилигине Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовду дайындаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM