Бүгүн, 13-майда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин көптөгөн автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүмдөрүндө мүчүлүштүктөр байкалууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мүчүлүштүктөр бир катар мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалымат системасында бузулуулар пайда болгонуна байланыштуу жаралууда.
Мекеме белгилегендей, учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бузулуулардын себептерин жоюу иштери жүрүп жатат.
Мекеме унаа ээлеринен келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.