Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык жаран Өзбектанга мыйзамсыз акча алып өтүүгө аракет кылган

Кыска кабар | 11 мая 2023 | 257 | 0

«Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары бажы кызматкерлери менен биргеликте чек арадан ири суммадагы акчаны алып өтүү аракетине бөгөт коюшту.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 11-май күнү эртең менен «Достук-автожол» постунан Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан 1994-жылы туулган Э.А. аттуу Кыргызстандын жараны декларацияда көрсөтүлбөгөн 59 миң 100 доллар акчаны алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана акча каражаты кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM