Электр энергиясына болгон тариф жылына бир жолу өзгөртүлүп турат. Бул тууралуу 11-майда өткөн маалымат жыйынында Улуттук энергохолдинг ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев айтты.
«Негизинен баа саясатында бир аз түзөтүүлөр болот, бирок олуттуу кымбаттоолор болбойт», — деди Таалайбек Байгазиев.
2023-жылга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөр буга чейин кабыл алынып, күчүнө кирген. Калк үчүн электр энергиясына болгон тариф 23 тыйынга — 1 киловатт-саат үчүн 1 сомго чейин көтөрүлдү.
Электр энергиясын 700 кВт саттан жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с.
Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт.
Электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн тариф 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү.
Өкмөттүн маалыматында, тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет, алардын 80%дан көбү эскирген абалда.