Биз менен байланышыңыз

Баткен: 76 жаранга берилген насыяны кечүү маселеси каралууда

Кыска кабар | 10 мая 2023 | 222 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон жаңжалда 76 жаранга 200 миң сомдон бюджеттик насыя берилген. Бүгүнкү күндө аны мыйзам менен жоюу маселеси каралууда.

Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Улугбек Калдаров парламенттин 10-майдагы жыйынында айтты.

Бүгүн Жогорку Кеңеш жалпы сессияда «2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо.

Улугбек Калдаров Баткендин ишкерлерине 200 миң сомдон насыя берүү ыкчам жардам берүү максатында кабыл алынган чечим болгонун айтып, суммасы аз экенин моюндады. Азыр кошумча көмөк маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM