Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров расмий сапары менен Москвага барды

Кыска кабар | 7 мая 2023 | 304 | 0

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Орусиянын Москва шаарына барды. Садыр Жапаровдун учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду.

Аны аба майданынан Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди. Кыргызстан жана Орусиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат, бир катар иш-чараларга катышат.

Жапаров 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат.

Copyright © 2017 Maral FM