Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, эртең, 8-майда түнкүсүн Ош облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Күндүз Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28,
Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +23…+28,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +26…+28 градус болот.