Биз менен байланышыңыз

Бишкекте электр скутерлери үчүн виртуалдык паркинг пайда болду

Кыска кабар | 4 мая 2023 | 293 | 0

Бишкек шаарында SunRent электр самокаттарын ижарага берүү сервисинин токтотмо белгилери түшүрүлдү.

Белгилер электр самокаттарын колдонууну аяктоо процессин жөнөкөйлөтүү жана аны шаардыктар үчүн дагы ыңгайлуу кылуу максатын көздөйт.

Тиркемеден кызгылт сары Р тамгасы менен белгиленген жерди таап, андан соң асфальтка түшүрүлгөн белгиге ылайык токтотсо болот. Виртуалдык токтотмо менен колдонууну аяктаган аймактардын саны көбөйтүлөт.

SunRent компаниясы менен «Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» ишканасынын келишими бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM