Connect with us

Ошто колледждин мугалимдери пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 29 Апр 2023 | 225 | 0

Ош медициналык колледжинин мугалимдери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын студенттери акча талап кылган мугалимдерге карата чара колдонуу арызы менен ИИМдин тергөө кызматына кайрылышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн негизинде мугалимдердин бири окуу жайдын айланасынан пара алып жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан белги түшүрүлгөн алты миң сом акча табылган. Көчөдөн кармалган экинчи мугалимдин жанынан 13 500 сом чыкты. Мындан тышкары коррупциялык схемада ортомчу болуп жүргөн студенттин жанынан дагы белгиси бар 5 миң сом табылган.

Министрликтин маалыматына караганда, кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары мыйзамсыз алынган акчаны өз ара бөлүштүрүп алгандан кийин кармалган. Ошол эле күнү колледждин директорунун орун басары кармалып, тинтүү учурунда анын жанынан дагы эки миң сом акча табылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM