Биз менен байланышыңыз

УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Кыска кабар | 1 Апр 2023 | 321 | 0

УКМК кызматкери катары өзүн тааныштырып, жеке ишкерлердин ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган киши колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик чек араны кесип өтүү учурунда 1985-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.Д.М. (башка толук аты-жөнү Турсунбаев Диербек Муратбекович) кармалды. Ал өзүн КР УКМК кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерлердин ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, М.Д.М. КР жарандык бир нече паспорту бар экени жана өзүн КР УКМКнын түштүк аймагы боюнча координатору болом деп тааныштырып, жеке ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 466 миң сом акча каражатын жана Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алган.

Алынган далилдердин негизинде, М.Д.М. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда М.Д.М. (Турсунбаева Д.М.) тарабынан КР УКМКга тиешеси бар делген шылтоо менен жасалышы мүмкүн болгон кылмыштардын башка фактылары текшерилүүдө.

КР УКМК жарандарга эгерде аталган М.Д.М.нын аракетинен жапа чеккендер болсо кайрылууларын суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM