17-19-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2, Талас районунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.
Кыргызгидромет билдиргендей, 17-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт, жаан-чачын жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Тала соблусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус болот.