Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ноокенде беш жаран «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты

Кыска кабар | 14 Мар 2023 | 153 | 0

УКМКнын басма сөз кызматы Ноокендин беш тургуну «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунан чыкканын маалымдады.

Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыктын жүргүзгөн иштеринин натыйжасында Ноокен районунун тургундары уюмдан эл алдында баш тартышкан. Ага чейин алар «Хизбут-Тахрирдин» активдүү мүчөлөрү катары экстремисттик идеологияны жайылтып келишкен.

Айтылган жарандар эл алдында өздөрү тандаган багыт туура эмес болгонун моюндарына алышып, башкаларды туура эмес иштерге азгырылып кетпөөгө чакырышкан.

УКМК экстремисттик-террордук уюмдардын ишин бөгөттөө чаралары улана берерин маалымдайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM