Connect with us

Swarovski зергер компаниясы Орусиядан кетүүнү пландап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2023 | 368 | 0

Австриялык Swarovski зергер компаниясы Орусиядан кетүүнү пландап жатканын билдирди. Компаниянын билдирүүсү маалымат булактарына жарыяланды.

Компания Орусияда 12 дүкөнүн жапкан. Анын орусиялык базардан чыгуусу бардык мыйзамдарга, анын ичинде учурдагы экономикалык санкцияларга жана башка соода чектөөлөрүнө ылайык ишке ашырылат. Компаниянын башкы директору Алексис Назард Орусиядан кетүүнүн так мөөнөтүн айткан эмес.

4-мартта Swarovski Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияда зергер буюмдарын онлайн жана оффлайн сатууну токтотуп жатканын жарыялаган.

Учурда Swarovski Орусиядагы зергер буюмдарынын он брендинин ичинен алтынчы орунду ээлейт.

Swarovski AG — айнектен кристаллдарды, зергер буюмдарды жана кристаллдары бар башка буюмдарды өндүрүүгө, ошондой эле синтетикалык жана табигый асыл таштарды кесүүгө адистешкен австриялык компания. Мындан тышкары ишканада оптикалык жабдуулар, лампалар жана люстралар чыгарылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM