Биз менен байланышыңыз

Бишкекке таштанды иштеткен заводду чех компаниясы курат

Кыска кабар | 1 Мар 2023 | 290 | 0

Бишкек шаарына таштанды иштеткен заводду Чехиянын ReGreen s.r.o компаниясы кура турган болду. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

Бишкек мэри завод куруу маселесин талкулоо үчүн компаниянын өкүлдөрү менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушканын, алдыда жол карта иштеп чыгарын маалымдады.

Завод курууга сарптала турган 45 млн долларды Чехиянын компаниясы бөлөт. Салынган инвестиция 15 жылда өзүн актай турганын айтты Абдыкадыров.

Ошондой эле таштанды тазалоо, чогултуу, аны иштетүү мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүнүн негизинде ишке ашыруу пландалып жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM