Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 17-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Баткен облусунун аймактарында жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1,
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +6…+8 градус болот.