Биз менен байланышыңыз

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги жоюлат

Кыска кабар | 11 Фев 2023 | 361 | 0

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы жоюлат. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Чечим КР Жарандык кодексинин 96-97-беренелерине, «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамдын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 13-17-беренелерине таянып чыгарылганы, холдинг-компаниянын мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайык эмес экендиги айтылат маалыматта. Ошондой эле холдинг-компанияны жоюу үчүн комиссия түзүү тапшырмасы Финансы министрлигине берилген. Алар чечимди эки айлык мөөнөттө ишке ашырышы керек.

Айта кетсек, холдинг-компания 2021-жылдын 13-декабрында түзүлгөн. Аны түзүүдөгү максат эл аралык тажрыйба аркылуу жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналарын Министрлер кабинети расмий билдирген.

Холдинг-компаниянын жетекчилигине ошол кездеги «Кумтөрдүн Голд» компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк дайындалып, алар 30дан ашуун ири долбоордун планын жарыялаган.

Тенгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрь айында камакка алынган. Башкы прокуратура ага үч кылмыш иши козголгонун билдирген.

Өткөн жумада Эсептөө палатасы «Кумтөр Голд» компаниясынын 2021-жылдын 2022-жылдын июнь айына чейинки чыгашасын иликтеп, бир катар каржылык мыйзам бузуулар болгонун аныктаган. Мунун ичинде «Кумтөр Голд» «Улуу көчмөндөр мурасына» 32 долбоор үчүн 1 млн 908 миң доллар бөлгөн. Анын 1 млн 731 миң доллары кызматкерлердин айлыгына жумшалганы такталган.

Copyright © 2017 Maral FM