Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы зилзала: Миңден ашык өлүм, кыйраган имараттар (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 453 | 0

6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын батышында күчү 7,4 баллга жеткен зилзала катталды. Табият кырсыгы Сириядан да, Түркиядан да 300гө чукул адамдын өмүрүн алды. Жаракат алгандар миңдеп саналат. Ал арада түрк бийлиги дээрлик он облуска жайылган зилзаланын кесепеттерин жоюуга эл аралык коомчулуктан жардам сурады. Ошол эле учурда Сирия бийлиги да жардамга муктаж экени айтылууда.

Бүгүн таңкы саат 4:00 чамасында жер титирөөнүн очогу Түркия менен Сириянын чек арасына жакын жерде жайгашкан Кахраманмарашта 7,4 балл болуп, анын таасири Ортоңку Чыгыштын бир катар өлкөлөрүнө чейин сезилди. Андан көп өтпөй Газиантепте 6,6 балл, дагы жарым сааттан кийин борбор калаа Анкарада, Адана, Невшехир, Кайсери, Мерсин, Хатайда да катуу жер титиреген. Учурда Түркиянын он облусу зилзаладан катуу жабыркап, миңге чукул имарат кыйраган.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматы зилзала катталган аймактардын тургундарын унааларды колдонбоого жана интернет байланышты азайтууга чакырууда. Анткени жарандарды куткаруу иштерине бул аракеттер тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу маалымат берип, жарандарды куткаруу жана урандыларды тазалоо үчүн эл аралык коомчулуктун жардамына зарылчылык бар экенин билдирди. Ошондой эле жер титирөөгө туруштук бербеген сапатсыз курулуштарды тескөө маселеси да актуалдуу экенин моюндады.

«Биз жакынын жоготкон, жабыр тарткан мекендештердин баарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Тилекке каршы, Түркия жер титирөө эң көп катталган өлкө. Биз муну билебиз жана буга ыңгайлашуу зарыл. Бүгүн өтө масштабдуу зилзала катталды. Бирок адам өлүмүнүн көп болушунун негизги себеби – жер титирөө эмес, сапатсыз курулуштар. Биз сапатсыз курулуштарды аныктоо, аларды жер титирөөгө туруктуу кылуу маселесин күн тартибине алып чыгып, тиешелүү маселелер боюнча чечимдер кабыл алабыз».

Түркиядагы жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 1990-жылдары салынган көп кабаттуу үйлөр толугу менен урап түшкөн окуялар бир канча облуста катталган. Учурда жер титирөөдөн эң көп жабыр тарткан Кахраманмарашта куткаруучулардын жоон тобу иштөөдө. Бирок кар жаап салып, издөө-куткаруу иштерине тоскоолдук жаралганы да айтылып жатат.

Ал арада президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

«2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да түркиялык кесиптеши Мевлюд Чавушоглуна көңүл айтты. Ошондой эле алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү маалыматты тактоо иштерин улантууда. Мекендештерге консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлгөнү да кабарланды.

Түркиядагы жаратылыш кырсыгынан улам ыңгайсыз абалда калган же жардамга муктаж жарандар Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары):

+90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Анталиядагы башкы консулдук:

+90 546 5570471, +90 534 8388551;

Стамбулдагы Башкы консулдук:

+90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737 кайрылса болот.

Туркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 1200гө жеткенин ал эми жабыркагандар алты миңге чукулдаганын айтып, элине сабыр тилеген кайрылуу жасады. Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жер титирөөдөн каза тапкандардын саны беш жүзгө чукулдаганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM