Connect with us

Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка дайындалды

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 1378 | 0

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов  «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагын Кудрет Тайчабаров жетектеп келген. Ал кечээ, 17-ноябрда өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз бергени кабарланган.

Тайчабаров аталган кызматка 2020-жылдын 14-ноябрында дайындалган.

Алмамбет Шыкмаматов буга чейин Инвестициялар министрлигин жетектеген. 2021-жылы 27-сентябрында ээлеген кызматынан кеткен.

Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты «Ата Мекен» фракциясынын лидери болгон. Ал эми 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынан талапкер болуп катышкан.

Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM