Connect with us

Депутат: Электр жарыгын өчүрсөңөр да, алдын ала кабар бергиле

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 397 | 0

Депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатканын жана бул «жөнгө салуу чараларынан» улам эмес, веердик өчүрүү экенин айтты.

Ал Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында электр жарыгы кайсы сааттарда өчүрүлөрү тууралуу элге алдын ала маалымат берилип, график түзүүнү сунуштады.

«Бүт эле жерде саат сайын электр энергиясын өчүрүп жатышат. Мурунку веердик өчүрүүлөрдү азыр регулятордук чара деп атап коюшту, чындыгында бул веердик өчүрүү. Мен түшүнүп турам, энергетикада кризис бар, жабдыктар эскирген, бирок жок дегенде график түзүп, жарандарга алдын ала айтып койсоңор, алар ошого даярданып алышса. Электр энергиянын жоктугунан башка нерселерди жагып, кайра эле түтүн маселеси чыкты», — деди Бекешев.

Өлкөнүн ар кайсы аймагында, Бишкек шаарында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын жарандар социалдык тармактарга жазып жатышат. 13-январда «Кыргыз улуттук электр тармагы» ишканасы өлкө аймагында электр кубаты менен камсыздоодо кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учуроолор болушу мүмкүн экенин эскерткен. Ишкана жашоочуларды электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM