Connect with us

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын тыгыны пайда болду

Кыска кабар | 16 Дек 2022 | 339 | 0
Сүрөт: Чек ара кызматы

16-декабрда саат 15:30га карата Кыргызстандан Казакстанга чыгуу үчүн «Чоң-Капка-автожол» өткөрүү бекетинин алдында унаалардын тыгыны байкалууда.

Кезек күткөн 25ке жакын жеңил жана 20га жакын жүк ташуучу унаа турганын УКМКнын чек ара кызматынан кабарлашты.

Мындан тышкары, «Ак-Тилек-автожол» постунун алдында да унаалардын тыгыны катталган. Чек арадан өтүү үчүн кезекте 100гө жакын жүк ташуучу унаа турат.

Өткөрүү бекетинде кезектин пайда болушу күйүүчү-майлоочу май ташыган жеңил унаалардын көбөйүшү менен байланыштуу  экенин Чек ара кызматы билдирүүдө.

«Мындан тышкары, айрым айдоочулар кезексиз өтүп кетүүгө аракет кылып, тыгын пайда кылышууда. Бул багытта Чек ара кызматы тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Унаалардын топтолушу циклдик мүнөзгө ээ», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы кыргыз тараптан жүк ташуучулар жана айдоочулар үчүн эч кандай чектөөлөр жок экенин кошумчалады.

Казакстан менен чектешкен башка өткөрүү пункттарында адамдар жана унаалар топтолгон эмес.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM