Германиянын борбору Берлин шаарындагы дүйнөдөгү эң чоң аквариумдардын бири жарылып кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык «Dom Aquaree» мейманканасында болгон. Аквариум цилиндр формасында бийиктиги 16 метрди түзөт. Белгилүү болгондой, аквариумдун ичиндеги бир жарым миңге жакын тропикалык балыктар өлүп калды.
Мындан тышкары, кырсыкта эки адам сыныктардан жаракат алган.
Жеринде 100дөй куткаруучу иштеп жатат. Учурда окуянын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.