Connect with us

«Манчестер Юнайтед» Криштиану Роналдунун командадан кеткенин жарыялады

Кыска кабар , Спорт | 23 Ноя 2022 | 379 | 0

«Манчестер Юнайтед» футбол клубу португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун командадан кеткенин жарыялады. Бул тууралуу команданын Twitter баракчасында маалымдалды.

Анда Криштиану Роналду «Манчестер Юнайтедден» эки тараптын макулдашуусу боюнча кетип жатканы айтылат.

«Манчестер Юнайтед» 2021-жылы августта туриндик «Ювентус» менен португалиялык футболчу Криштиану Роналдуну өткөрүп берүү боюнча макулдашкан.

Роналду 2003-2009 — жылдары «Манчестер Юнайтедде» ойноп, команда үчүн 292 оюн өткөрүп, 118 гол киргизген.

«Красные дьяволы» менен бирге португалиялык чабуулчу үч жолу Англия чемпиондугун уткан (2007, 2008, 2009), ошондой эле 2008 — жылы Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болгон.

Роналду улуттук командалардын, Европа чемпионаттарынын тарыхындагы, ошондой эле Европанын Чемпиондор лигасындагы эң мыкты чабуулчу.

Ал Instagram баракчасында 500 миллион катталуучуга жеткен бар алгачкы адам болуп калды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM