Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы заводдо чыккан өрттөн 36 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 171 | 0

Кытайдын борборундагы Хэнань провинциясындагы заводдо чыккан өрттөн кеминде 36 адам каза болгонун жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык Аньян шаарында болгон. Азырынча эки адам жабыркап, дайынсыз жоголгондор да бар экени айтылды.

Аньян шаарынын өрт өчүрүү бөлүмүнө шаардын Вэньфэн районундагы ишканалардын биринде өрт чыкканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана куркаруучулар барып, өрт өчүрүлгөн.

Маалыматта айтылгандай, өрт Kaixinda Trading компаниясына таандык имараттан чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM