Connect with us

Республикалык бюджеттин тартыштыгынан жаралган көйгөйлөр көтөрүлдү

Саясат , Экономика | 21 Ноя 2022 | 947 | 0

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү кеңейтилген жыйында талкуулап, колдоду. Муну менен катар «2023-жылга республикалык бюджетти жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү» мыйзам долбоорун да жактырышты. Жыйын жалаң гана суроо-жооп, талкуу менен өттү. Депутаттар өлкөдөгү эң негизги  социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү жана бюджеттеги таңкыстыкты көтөрүштү. 

21-ноябрда тармактык комитет республикалык бюджетке байланышкан мыйзамдарга киргизилип жаткан жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулады.

Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин тиешелүү жетекчилери катышып, депутаттардын суроолоруна жооп  беришти. Талкуу маалында депутат Шарапаткан Мажитова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун өлкөнүн социалдык тармагындагы көйгөйлөрдү чечпей жатканын айтып, сынга алды.

Ошондой эле ал Өкмөт салыктан түшкөн кирешени гана карап отура бербей, бюджетти толтуруунун бакша жолдорун табыш керектигин эскертти.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы эмнеден келип чыккандыгы боюнча түшүндүрмө берип, жалпы тартыштык 35,4 млрд сомду түзүшү болжолдонуп жатканын айтты.

Анын айтымында, быйыл укук коргоо органдарына 18,5 млрд сом бөлүнгөн. Анын 2,6 млрд сому айлык акыга кетсе, калганы чек араны бекемдөөгө жана курал жарак менен күчтөндүрүүгө кеткен.

«Дүйнө жүзүнүн бары 1988-жылы Эл аралык валюта фонду бекитип берген методология менен иштейт. Ал 2001-жылы жаңырды. Ал методологияга ылайык, жыл бүтүп калса, бюджетке кирбей калган акчалардын баары ылдый жакка ресурска түшөт. Кийинки жылдын бюджетине дефицит катары кирет. Салыктан таппасаң, бөлөктөн таппасаң былтыркы жылдан калган акчанын баары таңкыстыкка эсептелет. Бирок мунун кирешеси дагы, чыгашасы дагы бар. Мисалы жогорку окуу жайлар өздөрүнүн акчасын таап алган, алардын иштетүүсүнө уруксат беришибиз керек. Алардын эсебинде акчасы бар, биз аларга уруксат бергенде, аларды таңкыстык катары көрсөтүп жатабыз. Баарына эле айтып келе жатам, насыянын бардыгы чыгашага отурат. Насыя алабызбы, грант алабызбы, алардын мөөнөтү жабылып бүтмөйүнчө, чыгашада отура берет. 14 млрд мамлекеттик инвестиция менен ратификациядан өткөн, акчасы бар, булагы бар, бирок биздин каржылык методология боюнча карыз болгондон кийин такай дефицитте отуруп турат.  Ошондуктан 35 млрд таңкыстыкка чыгарганыбыз менен булактарын көрсөтүп жатабыз. Биз 10 млрд тегерегиндегилердин баарын ички резервден баалуу кагаз чыгарып ичинен алып жатабыз. Эгерде сырткы карызды доллар менен алгандан көрө, 3 млрдды Кыргызстандын экономикасынын ичинен эле ала турган болсок, болгону 4,5 млрд сом гана төлөйбүз. Биз ошондуктан Американын, өнүккөн өлкөлөрдүн методологиясын колдоно баштадык. Биз экономиканын ичинде ички карызды көтөрүп жатабыз. Ички карызды сом менен тейлейбиз. Ошондуктан ички карыз азыр дефицитти жапканга жардам берди. Ошол 35 млрд сомдун киреше булактарынын баары бар жана быйыл жабылат. Пенсия, жөлөкпул баарын жабабыз. Ошондуктан бул таңкыстыктан коркпошубуз керек».

Депутат Шайлообек Атазов 2022-жылы Бишкекте 15 мектеп курулганын эске салып, 2023-жылы бала бакчаларды көбүрөөк курууну сунуштады. Акылбек Жапаров Ош жана Бишкек шаарына бала бакча жана мектеп куруучуларга жер тилкеси бекер бериле тургандыгын маалымдады.

Өкмөттүн программасына ылайык, бала бакча жана мектеп куруучуларга канализация, электр энергиясы жана суусу бекер тартылып берилет. Буга кошумча окууга колдонуучу курал-жарактар республикалык бюджеттин эсебинен бекер берилет.

«Мектеп менен бала бакчаны жеке ишкерлерге беребиз. Азыр эки шаардагы жерлерди мэрлерге бердик. 2023-жылдын 1-февралына чейин аныктап, анан конкурска чыгарабыз. Кийинки жылы Кыргызстан боюнча 800 бала бакча ачылат. Анын ичинде 560ы 3 саат иштейт. Анан 5 саат иштегени болот, тамак ичпей эле, мектепке даярданып, түшкө чейин окуп келишет. Эки смена менен иштеген 247 жаңы бала бакча ачканы жатабыз. Бизде мектепке чейинки балдардын саны 1 млндон ашык. Ошондуктан айылда чоң-чоң үйлөрдө бала бакча ачам дегендерге уруксат берип жатабыз. Жалгыз гана бизде окууга колдонуучу курал-жарактар жок экен, аны республикалык бюджеттин эсебинен беребиз».

Депутат Таалайбек Сарыбашев Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн турак жайларды куруу жана жарандарга ссуда берүү жана мамлекеттик камсыздандыруу маселесин көтөрдү.

Акылбек Жапаровдун айтымында, учурда Тажикстандын агрессиясынан жабыркаган 420 үй мамлекеттин эсебинен курулуп жатат, бирок азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча алардын турак жайын, мал-мүлкүн, унаасын камсыздандырганы менен Өкмөт алардын чыгашасын төлөп бере албайт.

Депутат Таалайбек Масабиров «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун куруу сыяктуу ири долбоорлоду ишке ашыруу менен өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк боло тургандыгын сунуштады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров мамлекеттик мүлктү башкаруудан 4,6 млрд сом түшкөндүгүн билдирди.

Андан тышкары, жашоо минимумуна байланыштуу суроолорду берген депутат Султанбай Айжигитов өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлине жана жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган жарандардын санына токтолду:

«Экономикалык системанын натыйжалуулугу анын туруктуулугунан көз каранды, ошондуктан ар кандай кырдаалдарга даяр болуу зарыл», — деди Султанбай Айжигитов.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров экономиканы турукташтыруу үчүн турукташытруу фонду түзүлгөндүгүн, ага кийинки жылы 17 млрд сом бөлүү пландалып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM