Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык делегация Евробиримдик – Борбор Азия жыйынына катышты

Кыска кабар | 18 Ноя 2022 | 381 | 0

Өзбекстандын Самарканд шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген делегация Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы министрлердин 18-жыйынына катышты.

Тараптар коопсуздук, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык кызматташуу, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү аймактар аралык кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты.

Сооданын көлөмүн көбөйтүү, жашыл экономиканы өнүктүрүү, Борбор Азияга инвестиция тартуу жана ВСП+ макамын натыйжалуу пайдалануу боюнча инструменттер каралды.

Кыргыз тарап эркин соода, инвестиция, транспорттук-транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү Борбор Азиядагы өсүштүн кыймылдаткычы болушу керектигин белгиледи.

Кыргызстан Ооганстандагы туруксуздуктун жана дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө чыңалуунун шартында бардык маселелерди саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM