Биз менен байланышыңыз

Быйыл акча алмаштыруу жайларына 1 млн сомдон ашык айып салынды

Кыска кабар | 18 Ноя 2022 | 325 | 0

Улуттук банк 2022-жылдын башынан бери коммерциялык банктарда 131 текшерүү жүргүзүп, анын натыйжасында мыйзамдарга ылайык чараларды көргөн.

Мындан тышкары, 120 алмашуу бюролоруна жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруучу жактарга 54 инспектордук текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 30 жазма буйрук жөнөтүлгөн, 34 ирет алмашуу бюролорунун лицензиялары токтотулган, 1 алмаштыруу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган.

Мындан тышкары, 23 алмашуу бюросуна 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 1,265 миң сом) жана 39 жеке жакка 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 682,5 миң сом) айып пул салынган.

Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүргүзгөн жактардын алып-сатарлык аракеттерине жол бербөө максатында, укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү иш-чаралар кошумча жүргүзүлүп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM