Биз менен байланышыңыз

Депутат эл аралык келишимге Конституциялык соттун корутундусу зарылдыгын эскертти

Кыска кабар | 17 Ноя 2022 | 309 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдарды караганда Конституциялык соттун корутундусу сөзсүз керектигин айтты.

Ал парламент азыр бул маселени талкуулап жатканы мыйзамсыз экенин дагы кайталады.

«Жогорку Кеңештин регламентинин 65-беренесинин төртүнчү пунктунда, так, даана, кескин түрдө жазылып турат. Эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Конституциялык соттун корутундусу сөзсүз керек. Биз эл аралык келишимди карап жатабыз, чек ара маселесине байланыштуу эл аралык келишимди күндө эле карап жаткан жокпуз. Азыр эч кандай корутундусуз карап жатканыбыз — мыйзамсыз. Бул заман өтөт, башка бийлик келет, ошондо биздин айткандарыбыз миң пайыз чындык экени билинет. Бул — «колу-бутту бурап, тиешелүү чечимди кабыл алдырыш деп эсептелинет» , — деди Мадумаров.

Юстиция министри Аяз Баетов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, ар бир мыйзам долбоору боюнча эле Конституциялык соттун корутундусу керек эмес экенин айтты.

«Ай сайын канчалаган эл аралык келишимдерди ратификациядан өткөрөсүңөр, ар бир мыйзам келгенде Конституциялык сот корутунду бербейт. Алардын мыйзамы боюнча, корутунду кайрылуу болгон учурда гана берилет деп айтылат» , — деди министр.

Депутат УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Конституция боюнча ар бир жаран пикир билдирүүгө укуктуу экенин салды жана элди «кыйкырчаак», «популист» деп айыптоодон жана басым жасоодон алыс болууга чакырды.

Бүгүн депутаттар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча Өзбекстан менен макулдашууну карап жатышат. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM