Connect with us

Тазабек Икрамов Конституцияга каршы аракеттер жүрүп жатканын сынга алды

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 372 | 0

Бүгүн,  16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов укук коргоочу Азиза Абдирасулованын милиция тарабынан кармалышын катуу сынга алды.

Анын айтымында, учурда өлкөдө Конституцияга каршы аракеттер жүрүп жатат.

«Башмыйзамдын 39-беренесинде жарандар өз нааразычылыктарын чыгып айтканга укутуу деп турат. Ага карабастан биз кайра-кайра жарандарды жаш карысына карабай кармап жатабыз. Ошол эле учурда өзгөчө аялдарды кармоо жакшы нерсе эмес. 30 жылда мындай болгон эмес, сөз эркиндигин сактайлы. Бардык ишти Башмыйзамдын негизинде алып барсак жакшы болот эле. Болбосо Түркмөнстандын Конституциясын алып келип кабыл алып берели дагы, ошого ылайык иш алып баралы. Өзүбүздүн мыйзамдар менен иш алып баралы», — деди Икрамов.

15-ноябрда укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кармап кеткен. Бир күн мурун ал фейсбуктагы баракчасына аны Ички иштер министрлигине сүйлөшүү үчүн чакырышканын жазган.

Кечинде Кылмыш-жаза кодексинин «Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө»  беренеси боюнча айып коюлуп, Биринчи Май РИИБинен бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM