Биз менен байланышыңыз

Улуу Британия: 42 жаштагы Риши Сунак өкмөт башчылыкка тандалды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2022 | 743 | 0

Британиянын башкаруучу партиясы болгон консерваторлор өздөрүнө лидер шайлады. Тагыраак айтканда, мурдагы финансы министри Риши Сунак эми Улуу Британиянын өкмөт башчысы болот.

Өкмөт башчылыкка бул ирет Риши Сунак өзү жалгыз талапкер болду. Анын атаандаштары Борис Жонсон жана Пенни Мордонт жарыштан чыга тургандыгын билдиришкен.

Риши Сунак учурда 42 жашта. Ата теги индиялык болгон Риши Сунак Стэнфорд, Окcфорд сыяктуу белгилүү окуу жайларда, экономика, каржы, философия жана саясий илимдер боюнча сабак алып, дүйнөдөгү эң ири каржы корпорацияларында эмгектенген. Өзү негиздеген инвестициялык компаниянын да кирешеси өтө жогору болуп, ал британ саясатчыларынын арасында эң бай адамдардын катарына кирген.

Өкмөттүн курамына 2015-жылы келип, 2020-жылы пандемия учурунда Борис Жонсондун командасында каржы министри болуп турган. Ал ушул жылы өкмөттүн каржы саясатына каршы пикирин билдирип кызматтан кеткен болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM