Кыргызгидромет билдиргендей, 18-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт, айрым жерлерде жаан нөшөрлөп жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +11…+16,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15,
Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +11…+13 градус болот.