Биз менен байланышыңыз

Токмокто акча урдоо фактысы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө

Кыска кабар | 17 Окт 2022 | 494 | 0

Токмок шаарындагы мал базарда акчасын уурдаткан карыя боюнча факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.

Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка карагада, учурда жогоруда көрсөтүлгөн карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Кечээ социалдык тармактарда Токмокто мал базардан 120 миң сом акчасын уурдаткан аксакал боюнча видео чыккан. Ошол эле жерде кайдыгер эмес жарандар  115 500 сом акча чогултуп беришкен. Ошондой эле аксакалга жылкы алперишкени кошумчаланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM