Эртең, 15-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27,
Талас облусунда түнкүсүн 1…+6, күндүз +21…+26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,
Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +25…+27 градус болот.