Connect with us

Козуев: Орусиядагы кыргызстандыктарга аскердик мобилизацияга чакыруу келе баштады

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 563 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Алишер Козуев Орусияда эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктарга аскерге чакыруу келип баштагандыгын маалымдады.

Анын айтымында, эки кыргыз жаранына аскердик мобилизацияга чакыруу келген.

«Орусияда жүргөн жарандарда маалыматтын жетишсиздиги маселе жаратып жатат. Алар мындай чакыруулар келген учурда эмне кылышты билбей жатат. Бул боюнча биздин ТИМ жана Орусиядагы элчилик кыска убакытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Алар кетишин билбейт же калышын билбейт», — деди Козуев.

Мындан сырткары ал миллиондогон кыргыз жараны жүргөн Москвада болгону элчиликтен үч юрист кызмат кыла тургандыгын сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM