Биз менен байланышыңыз

Орусия президенти Путин Астанага келди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 463 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Астанага келди. Аэропорттон аны Казакстандын өкмөтүнүн башчысы Алихан Смаилов тосуп алды.

Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия + Россия» мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Путин эки тараптуу жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрү да өткөрөрү кабарланган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери, Катардын эмири, Палестинанын башчысы жана Азербайжандын президенти менен жолугушат.

Бул Путиндин 2019-жылдын май айынан бери Казакстанга жасаган биринчи сапары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM