Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Баткен облусунун түзүлгөнүнө 23 жыл болду

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 534 | 0
Мындан 23 жыл мурда, өлкө борборунан миң чакырым алыстыкта, чек арада жайгашкан, өзгөчө стратегиялык аймакты, облус кылып түзүү зарылчылыгы келип чыгып, 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусу өзүнчө аймак, өлкөнүн жетинчи облусу болуп түзүлгөн. Облустун биринчи губернатору Мамат Айбалаев болгон.

Баткен облусу ― Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан дубан. Ал Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларын чек арасында түзүлгөн. Облустун административдик борбору – Баткен шаары (2000-жылдан).

Облустун курамында 3 район, 6 шаар жана 31 айыл аймагы бар. 2001-жылы Исфана кыштактары шаар макамын алган. 2012-жылы Кадамжай жана Айдаркен шаарчалары шаар макамын алган.

Баткен облусу түштүк-батыш жана түндүк-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Анын аймагында башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече аңкылаптар бар. Ушуга байланыштуу транспорттук катнашы көп чек аралар жана аңкылаптар аркылуу өтөт. Аянты 17,0 миң чарчы километр же республиканын айантынын 8,5%ын түзөт. 2021-жылга карата алынган маалымат боюнча облуста 548 247 адам жашап, республиканын калкынын 8,3 %ын түзөт.

Чек ара аймактарынын элинин жашоо шартын, инфраструктурасын жакшыртуу, облусту өнүктүрүү максатында өткөн жылы облуска өзгөчө макам берилип, анын алкагында бир катар социалдык женилдиктер каралган.
Баткен облусунун жол, суу, чек ара маселелери ар дайым мамлекеттин көңүл борборунда болуп, ири долбоорлор ишке ашып келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM