Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Өзгөндө президент менен жолугушууга баары киргизилип жатат

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 496 | 0

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Өзгөн районунда мамлекет башчы менен жолугушууга жергиликтүү тургундар киргизилбей жатканы тууралуу айтылгандарга жооп берди.

Ал бул айтылгандар чындыкка дал келбей турганын, Садыр Жапаров Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Садыр Жапаров бүгүн, 4-октябрда Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда. Жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чек ара, ошондой эле «Кемпир-Абад» суу сактагычынын маселелери боюнча кеңири маалымат берилүүдө. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилүүдө. Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Мамлекет башчысы менен жолугушууга жергиликтүү тургундар киргизилбей жатат делип тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бардык каалоочулар этап-этабы менен жыйындар залына киргизилүүдө», — деп жазды Султанбаев.

Бүгүн, 4-октябрда Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барды. Аны башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар Адахан Мадумаров, Улукбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев коштоп жүрөт.

Ал Өзгөн райондук администрациясынын жыйындар залында чогулуш өткөрдү. Жыйынга келген элдин бир тобу кирип, калганы сыртта калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM