Биз менен байланышыңыз

Шаардык сот Тенгиз Бөлтүрүктү камакта калтырды

Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 277 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин убактылуу кармоочу жайда калтырылды. Мындай чечим бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык соту тарабынан чыгарылды.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда Бөлтүрүктү 10-ноябрга чейин камоо чечимин чыгарган.

Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM