Кыргызстанда 23-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +29…+31 градус болот.