Connect with us

Жолдошбаев: Баткенге 1131 тонна гумжардам жеткирилди

Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 435 | 0

Баткен облусуна өлкө аймагынан чогулган 1 миң 131 тонна гумжардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Рысбек Жолдошбаев билдирди.

Анын ичинен 166 тонна ӨКМ тарабынан, 792 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 172 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Алар Ош облусунда – 44, Жалал-Абад облусунда – 13, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 64, Талас облусунда – 43, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында – 1, Бишкек шаарында – 1.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстандын куралдуу агрессиясынан 140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык шейит кетип, 198 киши жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM