Connect with us

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 411 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Американын Нью-Йорк шаарына болгон иш сапары аяктады. Мамлекет башчысы 193 өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары жана делегациялары катышкан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебатына катышып, сөз сүйлөдү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы себепсиз агрессияга байланыштуу акыркы окуяларды эске алды.

Ушул эле күнү мамлекет башчысы БУУнун катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуп, уюм менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады.

Ошондой эле сапардын алкагында президент Садыр Жапаров чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү.

21-сентябрда президент Садыр Жапаров иш сапары аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM