Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит каза болду. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчы аппаратынан билдиришти.
Робин Орд-Смит 2019-жылы ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Өкмөтүнүн демилгеси менен түзүлгөн Бизнес-акыйкатчы институтуна жетекчи болуп шайланган. Бул кызматка келгенге чейин ал Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда, Иракта дипломатиялык кызматтарды аркалаган. 2012-2015-жылдары Улуу Британиянын Тажикстандагы, 2015-2018-жылдары Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси милдетин аткарган.
Робин Орд-Смит бизнестин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, Кыргызстандын Улуу Британия өңдүү бир катар өлкөлөр менен мамилелерин өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Ошондой эле Кыргызстандагы ак илбирсти сактап калуу боюнча демилгелерди колдоп, кайрымдуулук иштерди жасаган.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына «Марал» радиосунун жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.