Бүгүн, 20- сентябрда Баткендин Ак-Сай айылына жакын жерде тажик тараптын куралдуу кол салуусунан талкаланган көпүрө оңдолду. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда аталган көпүрөдөн унаалар өтүп жатышат.