Биз менен байланышыңыз

Президент Баткенге барабыз деген жаштарды сабырдуулукка чакырды

Кыска кабар | 19 Сен 2022 | 371 | 0

Президент Садыр Жапаров түз эфирде жасаган кайрылуусунда Баткенге барабыз деген жаштарды сабырдуулукка чакырды. Ал мамлекеттин аскер дарамети мурдагыдай алсыз эмес экенин айтты.

«Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер» , — деди Жапаров.

14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Кыргыз Республикасынын 59 жараны курман болду. Жабыр тарткандар 160тан ашты.

Бүгүн, 19-сентябрь — Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM