Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргыз-өзбек чек арасы толук чечилди

Кыска кабар | 19 Сен 2022 | 2822 | 0

Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймактарындагы маселелер толук чечилди.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайга байланыштуу түз эфир учурунда жасаган кайрылуусунда билдирди.

«Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймактарындагы чек аралар толук чечилип, расмий түрдө документтештириле турган маселе калды. Бүгүнкү күндө жалгыз гана Тажикстан менен чектешкен жерлерибиз такталбай, көйгөй жаратып келүүдө. Биз кыргыз-тажик чек арасын бир гана тынчтык жолу менен ыкчамдатып чеүүгө аракетибизди токтотпой, улантып жатабыз», — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM